Бишкек. 22.01.2018. Govori.TV
«Менин инимдин жанын койбой ар кандай ушак таратып жатышат. Мен алардын Кудайга койдум!» Мындай сөздү govori.tvга Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райым Матраимовдун бир тууган агасы, парламент депутаты Искендер Матраимов билдирди.
“Бир Телеграп деген сайт “срочно” деп, кызыл менен белгилеп, иним Райым Матраимовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал болсо өлкөдөн сыртка качып кетти” деген маалымат таратыптыр. Ошол эле күнү окуп алып, жүрөгүм ооруду. Бул биздин үй-бүлөөгө мынчалык кастарын кимдер тигип жатканына таң калам. Иним кызматтан түшкөндөн бери эки ай болду, Бишкекте, үйүндө эле ден-соолугун карап, дарыланып жатат. Жалган маалымат тараткандарды Кудайга койдум”,-дейт парламент депутаты.
Эске сала кетсек, telegra.ph сайты өткөн жуманын аягында “Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары өлкөдөн чыгып кетти” деген маалыматты ишенимдүү булактары аркылуу жазып чыккан болчу.