• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Искендер  Матраимов өкмөт мүчөлөрүн жыйынга даярданбай келгендери үчүн сындады

28 Аяк оона 2018 12:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.09.2018. Govori.TV

Бүгүн  КСДП фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Искендер  Матраимов өкмөт мүчөлөрүн жыйынга даярданбай келгенин айтып сынга алды.

«Өкмөт мүчөлөрү жыйынга келе жатканда каралчуу маселеге тиешелүү адамдар келбейт экен, ким барат деп издешет экен. Анан чиновник эксперт жазып берген 4 баракты көтөрүп келишет экен. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, ар бир жыйынга ошол теманы карап,  даярданы п келсеңер. Кадр маселесине токтолсом, ар бир ишке өз ышын мыкты билген, кесипкөй адамдарды койсоңор. Эч нерсе билбеген кадрлар өкмөттүн жалпы ишин артка тартып жатасыңар» -деди депутат.
Учурда өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында өкмөттүн аткарган иши, бизнести жүргүзүү жана глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси рейтингдеринде Кыргыз өлкөсүнүн көрсөткүчтөрүнүн маселеси каралууда. Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.
 
Количество просмотров: 30