• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Искендер Матраимов, ЖКнын депутаты, “Мен Айбек Калиев болсом, кызматымды тапшырмакмын…»

31 Үчтүн айы 2018 12:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.  2018. Govori.TV

“Мен Энергохолдингдин башчсы Айбек Калиевдин ордунда болгондо ТЭЦтеги аварияга жоопкерчиликти алган бизбиз, күнөө бизден кетти деп өз эрким менен отсавкага кетмекмин”. Бул сөздү парламентте КСДПнын депутаты Искендер Матраимов айтып өттү.  Ал бүгүн Кыргызстандын энергетика тармагынын жетекчи органы холдингдин башчылары өз эрки менен отсавкага кетиши керектигин, анткени, алар аба ырайынын кескин суукташы боюнча алдын-ала маалыматтар болгонуна карабай, атайын штаб түзүп, ТЭЦтин иштешин көзөмөлдөп турбаганы үчүн бүт дүйнөгө Кыргызстанды терс жагынан көргөзүп, элди убайымга салганын айтты.

“Күнөө энергетиктерде, бирок, Сапар Исаковдун бул жерде алар үчүн жооп берип отурганы жакшы эмес”,-дейт эл өкүлү.

Эске сала кетсек, бүгүн парламент Бишкек ТЭЦинде болгон вариялык абалды талкуулап жатат.

Количество просмотров: 4