Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча макулдашуу ратификацияланды.
КР Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Жогорудагы макулдашууларда “Менин үйүм 2021-2026” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган КР жарандары үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотекалык продуктуларды берүү жана турак-жай куруу үчүн 79 000 000 АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоону тартуу каралган.
Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосун Финансы министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасы алат, Экономика жана коммерция министрлиги аткаруучу агенттик, ал эми долбоорду ишке ашыруучу уюм “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК (“МИК” ААК) болот.
“МИК” ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылынат жана андан ары сатып алуу менен ижарага берүү үчүн өлкөнүн бардык региондорунда жеткиликтүү турак-жайдын курулушун, ошондой эле аталган программанын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотека берүүнү каржылайт.