• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Исланбек Сарсейитов, ЖК депутаты: “Корутундуну депутаттар колдоп берсе, коррупцияга каршы чыныгы күрөш болот”

8 Бугу 2018 21:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08. 05. 2018. Govori.TV
“Бишкек ТЭЦинин модернизациясы, андагы авария боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун эл өкүлдөрү колдоп берсе, коррупцияга каршы чыныгы күрөш болот”. Мындай оюн Бишкек ТЭЦинин авариясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутндусун чыгарган соң депкомиссиянын мүчөсү эл өкүлү Исланбек Сарсейитов айтты.
“Комиссиянын 9 мүчөсү корутундунун акыркы вариантына макул деп кол койдук. Иш сапарда жүргөн Исхак Масалиев,  Үмбөталы Кадыралиев,  Данияр Аттокуровдон башкабыз кол койдук. Жоопкерчилик тартышы керек деп эсептеген адамдардын баары кирди. Сапар Исаков, Нурсулу Ахмедова, Автандил Калмамбетов, Ольга Лаврова сыяктуу кагазда колу бар, кимдин тушунда эмне иш болгон болсо баары кирди. Менимче, парламент колдоого алып, коррупцияга каршы  чыныгы күрөш башталат. Укук коргоо органдарына көзөмөл болот”,-деп билдирди ал.
Эске сала кетсек, депкомиссиянын корутундусу 11-май күнү парламенттин кароосуна алынып чыгылат.
Количество просмотров: 15