• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Исмаил Исаков: Тажик тараптын жер боюнча дооматы негизсиз жана суу кечпейт

6 Тогуздун айы 2022 10:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Бириккен Демократиялык кыймыл акыркы саясий окуяларды талдап, «Улуттук коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү камсыз кылуудагы мамлекеттик саясат» деген аталыштагы жыйынга чогулду.

Анда мурдагы коргоо министри жана коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы генерал-лейтенант Исмаил Исаков чек араны тактоо боюнча билдирүү жасап, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Тажик тарап бир катар келишимдерди бузуп, агрессия жасоо менен аскердик кылмышка барышты. Куралсыз элге ок чыгарышты. Аскерге тиешеси жок инфраструктураларды талкалашты. Ал эми аткаруу бийлиги шалаакылык жасады. Буга байланыштуу алардын жоопкерчилиги каралышы керек. Чек ара кызматкерлери байрактардын күчү менен Кыргызстандын аймагын басып алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Муну адилеттүүлүк үчүн баса белгилеп айтып коюш керек. Тажикстанды эл аралык сотко берип, келтирилген чыгымдардын баарын төлөтүү зарыл», — деди Исаков.

Количество просмотров: 172