• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Исмаилова: Бишкектеги балдар ооруканасы жабылган жок

8 Бугу 202013:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору иштеп жатат. Бул тууралуу 8-майдагы брифингде вице-премьер-министри Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында бейтапканага келген бейтаптарды кабыл алууда санитардык-карантиндик эрежелер толугу менен сакталууда.

«Өзгөчө абал кирген күндөн тарта Жал районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору күнү-түнү иштеп жатат. Илдет башталгандан бери чектөөлөр киргизилип күнүнө 120-150 жаш бала, 15-20 кош бойлуу айымдар текшерилүүдө», — деди Исмаилова.

Количество просмотров: 222