• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Исмаилова дарыгерлерди клиникалык протоколдун негизинде иштөөгө чакырды

10 Теке 202015:27 Бишкек Govori.TV

Жарандар дексаметазон, эуфиллин жана ушул препараттардын негизинде жасалган химиялык аралашмаларды колдонбошу керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, адистер интернет тармагында жарыяланган дары-дармектерди алуудан оолак болууга чакырат.

“Ар бир өлкө саламаттык сактоо тармагында өзүнүн улуттук протоколун иштеп чыгууда жана медиктердин аны сактоосун талап кылууда. Коронавирус жуктургандарды дарылоо эрежелери маал-маалы менен кайра каралып жатат. Акыркы клиникалык протокол 8-июнда иштелип чыккан. Мурунку күнү Саламаттык сактоо министрлиги амбулатордук дарылануунун жаңы алгоритмин киргизди. Дарыгерлерди клиникалык протоколдун негизинде иштөөгө чакырам. Жарандар болсо өзүн-өзү дарылабай, ошондой эле интернетте айтылган дары-дармектерди колдонбошу керек”, — дейт ал.

Исмаилова чет өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жаш курактагы жарандар да коронавирустан көз жумуп жатканын айтат.

Количество просмотров: 143