• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

«Исманкулов үй камагына чыкты» деген маалыматты Жогорку сот четке какты

14 Бирдин айы 2023 13:45 Бишкек Govori.TV

«Көз микрохирургиясы» жеке клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов үй камагына чыккан жок. Ал 9-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди 12-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал Бишкектин №1 тергөө абагында кармалат.

Эске салсак, 10-февралда Башкы прокуратура «Көз микрохирургия» клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгон. Мекеме «Алар Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусу жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салынганына жана ооруканаларда орундардын жетишсиз экенине карабай, ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен» деп белгилеген. 

Аткаминерлердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 267