• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Исраилова: Аймактарда да аялдардын демилгелери, үнү угулуп туруусу абзел

19 февраля 2023 в 14:55 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Наргиза Исраилова, ал Кемин районунан келген.

«Кемин районундагы аялдардын демилгелүү тобунун өкүлүмүн, топ өлкө аймактарында да түзүлгөн жана аялдарды колдоо максатында иш алып барат. Биздин негизги максат — ар бир түзүмдөгү гендердик тең укуктуулуктук сакталуусу. Биз жергиликтүү жана шаардык кеңешке шайлоого аялдардын катышуусу, ошондой эле айымдардын лидердик сапатын өстүрүү, үнүн угуу тууралуу маселелерди көтөрүп келебиз», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 131