• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Июлда “Кыргызстан аэропорттору” сатып алган 3-учак өлкөгө келет

3 Кулжа 202517:17 Бишкек Govori.TV

Июлда “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3-учак алып келинет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3 учак бар. Анын экөөсү учурда колдонулуп жатат. Ал эми үчүнчүсү июлда алып келинет.

“Мындан сырткары, төртүнчү учак боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса ал дагы 2026-жылы Канададан алып келинет. Ошондой эле эки чоң учак сатып алуу боюнча да анализ-мониторинг жүргүзүп жатабыз. Ал учактарды сатып алсак, алар эл аралык каттамдарды аткарышат”,-деди ал.

Количество просмотров: 144