2ГИС компаниясынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын июль айынан сентябрга чейин бишкектиктер болжол менен 777 саат тыгында болушкан.
Айлар боюнча бөлүштүргөндө, абал төмөнкүчө:
июль айында 197 саат
август айында 256 саат
сентябрь айында 324 саат
Маалым болгондой, июль айында унаа тыгыны орточо эсеп менен 4 баллдан 6 баллга чейин өзгөрсө, август жана сентябрь айларында тыгындар 9 баллга жеткен.
Маалыматтар жол тыгыны 6 балл же андан көп болгон убакыттарды кошуу менен эсептелген.