• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК «Сбербанк» компаниясынын Бишкектеги 2ГИС кеңсесине мөөр басты

13 Кулжа 202511:27 Бишкек Govori.TV

УКМК Бишкектеги 2ГИСтин кеңсесине мөөр басып койду. Бул тууралуу 13-июнда белгилүү болду.

Бул чара Башкы прокуратуранын онлайн маркетинг, навигация жана тиркемелерди иштеп чыгуу тармагындагы ири компаниянын салыктан качканы тууралуу акыркы расмий билдирүүсүнө байланыштуу болушу мүмкүн, деп жазат Тазабек басылмасы.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аты аталбаган компания 57 миллион сом салык төлөгөн эмес. Прокуратура анда компания узак мезгил бою бюджетке төлөмдөрдөн качканын көрсөткөн. Компаниянын аталышы анда айтылган эмес.


Каржы министрлигинин «Ачык бюджет» порталынын маалыматы боюнча, 2024-жылы компания мамлекеттик бюджетке 10,8 млн сом салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн.

2ГИС-шаарлардын карталары, уюмдардын даректер базасы, коомдук транспорттун маршруттары менен электрондук маалымдама. Кызматтын негизги ээси Сбербанк болуп саналат, ал 2022-жылдын жазынан кийин 2гистин ишине таасир эткен.

Количество просмотров: 154