• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Июнь окуясына 12 жыл

10 Кулжа 2022 10:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон июнь коогалаңына быйыл туура 12 жыл толду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка «Июнь окуясындагы» материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан. Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген. Башкы прокуратура Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсүнө — генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып таккан. Буга катарлаш эле Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да айып коюлду.

12 жыл толгон Июнь окуясынын кыскача хронологиясы:

10-июнь: Коогалаңдын тутанышы

Июнь окуясы Ошто 2010-жылы 10-июндун кечинде тутанган. Расмий маалыматтар боюнча бул кандуу окуялардан төрт жүздөй адам каза таап, эки миңдей киши жаракат алган, миңдеген турак-жайлар талкаланып, өрттөлгөн.

11-июнь: Өзгөчө абал

Бул окуядан соң Убактылуу өкмөт чукул декрет кабыл алып, Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыялаган жана түнкү саат 2ден таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизген. Ошко аскер жана аскер техникасы киргизилген.

Дайынсыз жоголгондор

Башаламандыктардын тушунда укук коргоо кызматына дайынсыз жоголгондорду издөө туурасындагы 120 арыз түшкөн.

Тополоң окуялар алып келген зыяндын көлөмү 

Кагылышуу убагында аталган аймактарда 1094 менчик турак-жай, 12 мамлекеттик ишкана, 4 окуу жайы, 226 коммерциялык мүнөздөгү мекемелер өрттөлүп жок кылынган. Мындан тышкары өрт өчүрүүчүлөрдүн буту баспаган, ошондой эле белгисиз адамдар тобу тарабынан талкаланып, таланып-тонолгон объектилердин саны мындан дагы көп болгон.

Кыргызстанга кайткандар

Кыргыз-өзбек чек арасындагы 5 чек ара бекетинен ушул 70 миңден ашуун качкын мекенине кайтып келген.

Аза күтүү

Түштүктөгү кандуу окуяларга байланыштуу аза күтүү үч күнгө, 16-июндан 18-июнга дейре созулган.

Башаламандыктар боюнча козголгон кылмыш иштери

Ош жана Жалал-Абад июнь коогалаңына байланыштуу 6 миңге чукул кылмыш иши ачылып, 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып,400 дөн ашуун адам эркинен ажыратылганы белгилүү. Ондогон адамга издөө жарыяланган, айыпкерлердин көбү качып жүргөндүктөн кылмыш иши токтоп турат. 94 адам мамлекет аралык издөөдө 13ү эл аралык издөөдө.

Количество просмотров: 509