Бишкек.01.05.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарында 25-апрелден бери изделип жаткан автоунаанын айдоочусу кармалды. Эске салсак, өткөн аптада Түштүк магистраль менен келе жаткан автоунаа кырсыктап трассадан чыгып кетип, андан эки кыз жабыркап, айдоочу из жашырган эле.
Кыздар жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Качып кеткен айдоочу 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан тастыктады.