• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Издөөдөгү кылмыштуу топтун мүчөсү Босния Герцоговинадан табылды

11 Аяк оона 202411:39 Бишкек Govori.TV


ИИМдин жана Босния жана Герцеговина ИИМнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 6-сентябрда Сараево шаарында Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөнүн фигурант, ИИМдин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 40 жаштагы М.М. кармалган.

M.M. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинде (ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сактоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен Ички иштер министрлигинин компетенттүү бөлүмдөрү тарабынан издөөдө жүргөн.

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү О.М. («Карышкыр» лакап аты) жетекчилиги астында, М.М. «смотрящийдин» милдетин аткарып, Москвадагы жана Москва облусундагы мекендештерден системалуу түрдө ири суммадагы акча талап кылган.

Шектүү 2015-жылы Москва шаарында опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган, бирок, Россия Федерациясынын жарандыгын алганына байланыштуу ал Кыргызстанга экстрадициялоодон качып кеткен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кармалган адамды экстрадициялоо маселесин чечүү үчүн тиешелүү маалымат жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 139