ИИМ издөө жарыялаган Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу министрликке өзү келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда тараган анын видео кайрылуусунда айтылат.
“Мени издөөдө дешиптир, эч кандай издөөдө болгон жокмун. Мен бүгүн угуп эле ИИМге өзүм келдим. Министр Улан Омокановичке жолугайын деп келдим. Мен качкан жокмун. Чындыкты күтөбүз”, — деди ал.
Министрлик анын бул видео кайрылуусу боюнча азырынча комментарий бере элек.
Эске салсак, ИИМ Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыяланганын 25-ноябрда кабарлаган.
20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот.
Мындан соң “Пара алуу” беренеси менен Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы кармалып, 20-январга чейин камакка алынганы маалымдалган.
Тергөө иштери уланып жатат.