• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Издөө” ыкчам алдын алуу операциясында 92 адам кармалды

26 Аяк оона 2020 10:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы мамлекеттер аралык «Издөө» ыкчам алдын алуу операциясынын алкагында бир катар кылмыштын бети ачылды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кызматташтыкты бекемдөө максатында жана КМШнын Ички иштер министрликтеринин 2019-жылдан 2023-жылга чейин кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бирдиктүү чаралардын мамлекеттер аралык планына ылайык, 16-17-сентябрда өлкө аймагында “Издөө” операциясы жүргүзүлдү.

Аталган операциянын негизги тапшырмаларына тергөөдөн, соттон жашырынып жүргөн, анын ичинен КМШ өлкөлөрүнүн Ички иштер министрликтеринин (полиция) демилгеси боюнча жашырынып жүргөндөрдү издөө жана кармоо, дайынсыз жоголгондорду аныктоо, өздүгү такталбай калган өлүктөрдү идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү кирет. Операцияга ички иштер органдарынын 3 миңден ашык кызматкери тартылды.

Жыйынтыгында ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн 92 адам кармалган. Алардын ичинен ден соолукка атайылап зыян келтирүү боюнча 7, каракчылык боюнча 3, зордуктоо боюнча 3, тоноо боюнча 4 жана башка кылмыштар боюнча 75 адам кармалган.

«Ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 62 кылмышкер кармалды. Дайынсыз жоголгон 40 адамдын кайда жүргөндүгү, белгисиз 6 өлүктүн өздүгү такталды. 189 кылмыш ишинин бети ачылды. “Издөө” операциясынын жүрүшүндө ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган 2 факты (2 бирдик ок атуучу курал менен октор, колго жасалган кастет) аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 246