• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Изделип жаткан келин Бишкектен табылды

25 Жалган куран 202414:29 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан Сахибохон Кочкарова Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Келин 2023-жылдын 28-декабрында жаңы төрөлгөн баласын тууганынын үйүнө таштап, үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон.

«Табылган Сахибохон Кочкарова өзүнүн издөөдө жүргөндүгүн билгендигин жана үйдөн кайын журтунун моралдык басымына чыдабай чыгып кетип, Бишкекте тигүү цехтердин биринде жашырынып иштеп жүргөндүгүн айткан»,-деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 241