• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Изоляторлордо кармалып жаткан 18 студент ооруканадан чыкты

16 Бирдин айы 20201:18 Бишкек Govori.TV

Кытайдын Ухань шаарынан учуп келип,    изоляторлордо кармалып жаткан 18 студент ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14 күндүк карантинден кийин 18 студент ооруканадан 15-февралда чыккан.

«Кыргыз студенттер мекенине коңшу Казакстан аркылуу келген. Алардын абалдары канааттандырарлык»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү коронавирус такталган учурлар жок, республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Количество просмотров: 193