Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
Орусиянын белгилүү ырчысы композитор Леонид Агутиндин атасы Николай Агутин 84 жашка толгондон кийин, өпкө оорусуна чалдыкканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул окуядан соң ырчы атасын тез арада Израиль мамлекетине операция жасатууга алып кеткен.
Натыйжада, Израилдик доктурлар Николай Агутинге ийгиликтүү операция жасашып, бирок, учак менен мекенине кайтууга тыюу салышкан.
Бул кырдаалга байланыштуу алар Израилден Грецияга чейин барып, андан ары мекенине авто унаа менен кайтып келишкен.
Белгилей кетсек Л. Агутиндин атасын Орусия эли белгилүү акын, композитор катары таанышат.