• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Израилдин соккусунан Газада 26 киши каза болду

7 Тогуздун айы 20249:27 Бишкек Govori.TV

Израил Газанын борбордук бөлүгүнө сокку урду. Андан улам 26 киши каза болду. Бул тууралуу Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Израилдин армиясынын маалыматына караганда, 162-дивизия жекшембиге караган түнү аймакта согуштук операция баштады. Израилдин аба күчтөрү аскердик объекттерге, анын ичинде курал кампаларына жана жер астындагы инфраструктурага сокку урду.

Израил армиясы да Газанын түндүгү кооптуу согуш зонасы бойдон калганын белгилеп, мүмкүн болгон эвакуация аймактарынын картасын жаңыртты.

Палестинанын расмий өкүлдөрү жана БУУнун өкүлдөрү анклавда толук коопсуз аймактар, анын ичинде гуманитардык аймактар жок экенин айтышууда.

Количество просмотров: 77