• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

 Үй алам деп 44 миң долларга алданган жаран чындык издейт

6 Жалган куран 2023 16:17 Бишкек Govori.TV

Govori.TV мультимедалык агенттигине 1984-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылып, чала таанышына 44 миң АКШ долларын алдатып жибергенин айтып кайрылды. Бүгүнкү күндө жабырлануучу акча каражаттан же турак үйдөн жок акыйкат издеп жүргөн кези.

Окуянын чоо — жайы

2022-жылдын май айында Куралбек Сагынбаев аттуу жаран У.Ж.нын ишенимине кирип, 2 бөлмөлүү батир сатам деген жүйө менен 44 миң АКШ доллар алган. У.Ж. Куралбек Сагынбаевдин үстүнөн Бишкектеги Биринчи май РИИБге арыз менен кайрылган. Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка камалган. Кийин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарып жиберген.

ШЕКТҮҮ

«Шектүү менен Россияга кеткен бажамдын батирин ижарага берип жүрүп таанышып калгам. Ал домком болуп иштечү. Ошол себептүү ылайыктуу турак жай сатыла турган болсо мага кабарлап кой деп сурангам. 2022-жылдын май айынын башында мага байланышып, 2 бөлмөлүү үй арзан сатылып жатканын айтып калды. Бир аптадан кийин үйдү көрүү үчүн барсам, кадимкидей ачып көргөздү. Тийиштүү документтер, техпаспорту менен тааныштырды. Үй бир тууган жээнине таандык экенин айтты. Башында дароо 20 миң доллар, 1 аптадан кийин 5 миң доллар, кийин 3 миң доллар бердим. Унаамды сатып, 16 күндүн ичинде 44 миң доллар санап бериптирмин. Кийин Мамлекеттик каттоого баралы дегенде маселе жарала баштады. Күндө түрдүү шылтоолорду айта берди. Көрсө ал үй башка бирөөнүкү экен, сатып алам деген максатта алып колдонуп жүрүптүр. Дароо милицияга арыз жаздым. Үйдүн чыныгы ээси окуянын чоо-жайын айтып берди. Иштин бети ачылгандан кийин шектүү жол кырсыгына кабылып, 2 ай убакыт ооруканада жатып калды. Судья тарабынан издөө жарыяланды. 3 ай издөөдө жүрүп, 48 саатка кармалгандан кийин сот бошотуп жиберди. Соттук процесс учурунда 4 жолу отурумга келбей койду. Биз нааразы болуп, судьяга кайрылдык. Өтүнүч келтирилгенден кийин азыр кайра камакта. Буга чейин бир нече кишини дагы ар кандай жагдайда алдап кетиптир. Бирок бүгүнкү күндө Сагынбаев соттук-медициналык экспертизадан психикалык жактан оорулуу деген справка алып, жоопкерчиликтен качып кетүү аракетин көрүп жатат. Бизге акыйкаттык керек, алган каражатты кайтарып, жоопкерчиликке тартылсын»,- деди жабырлануучу У.Ж.

Куралбек Сагынбаевге ар кайсы жагдайда алданып калган жарандардын катарында Д. И. аттуу айым бар. Ал редакцияга төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Окуя 2019-жылы болгон. Куралбек Сагынбаевдин бир тууган эжеси менен бирге иштечимин. Бир күнү ал иниме үстөк пайызга 60 миң сом акча алып берип турчу деп суранып чалды. Аталган жаран расписка менен аскердик билетин күрөөгө таштап кеткен. Кийин алган акчаны төлөбөй суммасы өсүп кетти. 150 миң сомду айласыз өзүм төлөөгө туура келди»,-деди ал.

Бүгүнкү күндө жарандык иш Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

Количество просмотров: 3005