• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы онлайн митинг өттү

15 Кулжа 2020 9:06 Бишкек Govori.TV

Акция «Инстаграм» социалдык түйүнүндөгү @tajadymm деп аталган баракчада 14-июнда саат 21:00дө башталып, бир саатка созулду.

Онлайн митингдин жүрүшүндө алып баруучу Назира Айтбекова, ырчы Зере Асылбек кызы жана активист Мээрим Осмонова сыяктуу бир нече спикер сөз сүйлөп, аялдарга каршы зомбулук, аны токтотуу маселелерин талкуулашты.

Спикерлер бул жалпы коомчулуктун көйгөйү экенин белгилеп, бийлик, жарандык коом ага каршы чараларды көрүүсү зарыл экенин айтышты.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы тургун 13-июнда 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалган.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда.

Количество просмотров: 55