• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Үй-бүлөдө төртүнчү бала. Жети миллионунчу жаран тууралуу эмне белгилүү?

19 Тогуздун айы 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды.

Бактыбек Кудайбергенов маалымдагандай, ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү мониторинг жүргүзүлгөн. Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады. Ал жети миллионунчу жаран өз элинин татыктуу уулу болуп өсүп, өзүнүн үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй өлкөгө мындан аркы бакубатчылык алып келээрине ишенерин билдирди.

Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 580