• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга кандай аракеттер көрүлүүдө?

30 Аяк оона 202411:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда “Чуй облусунун Токмок шаарынын жана үч айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жергиликтүү комитеттеринин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу” долбоорунун жыйынтыгы боюнча тегерек стол өттү.

Талкууда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуудагы жергиликтүү Комитеттердин ролу, аймактык активисттер туш болгон көйгөйлөр, зомбулуктун курмандыктарын коргоо боюнча тиешелүү министрликтер менен ведомстволор тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу негизги суроолор талкууланды. Жыйынга ЖК депутаты Динара Ашимова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Ички иштер министрлигини өкүлдөрү, гендердик жана адам укуктарын коргоо жаатындагы эскперттер, активисттер катышты.

Анда сөз сүйлөгөн депутат Динара Ашимова «Үй-булөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөрүулөр тууралуу кенен маалымат берди.

Депутаттын айтымында, эми зомбулукка кабылган адамга коргоо ордери 30 күнгө берилип, өтүнүч жеке жабырлануучунун эле эмес башка жарандар адамдардын (туугандары, күбөлөр, кошуналар) өтүнүчү менен да коргоого алына турган болду.

«Мурдагы мыйзам боюнча коргоо ордерин алуу үчүн милицияга зордук-зомбулукка кабылган адам жеке өзү кайрылуусу керек эле. Ал эми азыр жабырлануучунун жакындары болобу, туугандары болобу арыз менен кайрылса милиция ага коргоо ордерин берүүгө тийиш болот. Ошондой эле дагы бир белгилей кетүүчү жагдай үй-бүлөдө зордук катталган учурда ошол зомбулук кылган адам, тагыраагы эркек, үй кимге тиешелүү болгонуна карабастан үйдөн чыгып кетүүсү керек», — деди депутат.

Ошондой эле, депутат өз сөзүндө зордуктоо беренеси боюнча тараптардын келишимге келүү жолу жоюлганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу аны алдын алуу боюнча активдүү иш-аракеттерди көрүү зарыл болууда. 2020-жылы өкмөт аймактарда зомбулук менен күрөшүү максатында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү Комитеттерди түзүү демилгесин көтөргөн.

2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын июнь айына чейин Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылган “Чүй облусундагы үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча Комитеттеринин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу” долбоору Токмок шаарын, Ивановка (Кең-Булун), Байтик жана Беловодск айыл өкмөттөрүн камтыды. Долбоордун алкагында Комитеттердин ишин жакшыртуу максатында окуу семинарлары өтүп, Токмок шаарында, Байтик жана Беловодск айыл өкмөттөрүндө жаңы Комитеттер түзүлдү. Беловодскто иштеп жаткан Комитеттин курамы жаныланды.

Долбоордун алкагында жаңы түзүлгөн комитеттер башка аймактар менен тажрыйба алмашышты. Ошондой эле, долбоордун алкагында жергиликтүү адистер үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдар үчүн коррекциялоо программасы боюнча окутуу жургузушту. Мектептерде психолог тарабынан үй-бүлөдө жана коомдо зордук-зомбулуксуз мамиле куруу боюнча лекциялар өткөн.

Количество просмотров: 129