• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Юстиция министрлиги ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам долбооруна терс корутунду берди

14 Жетинин айы 2022 12:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Юстиция министрлиги президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна терс корутунду берди.

Маалыматка караганда, документ айрым экспертизалардан өткөн эмес.

28-сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы замандын талабына жооп бербей калганы жазылган.

Буга чейин Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору президентке, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына, башкы прокурорго, ички иштер министрине, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрине кайрылуу жолдогон. Анда президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгиленген.

Количество просмотров: 63