Социалдык тармакта үйүнөн чыгарылып жаткан дагы бир үй-бүлөнүн видеосу тарады. Анда бир нече милиция кызматкерлери алгач үйгө кирүүгө аракет кылып жатышканы, андан соң үй ээлерин сыртка чыгарып жатышканын көрүүгө болот.
Ал эми үй ээлери соттун чечими мыйзамсыз болгонун айтышып, милиционерлерге тоскоолдук кылууга аракет кылып жатканы да тартылган.
Ал эми тиешелүү мекемелер бул окуя боюнча тактоо жүрүп жатканын маалымдап, азырынча маалымат бере элек.
Эске салсак, буга чейин үйүнөн айрылып 4 баласы менен көчөдө калган келиндин окуясы өлкө президентине чейин жетип, бир катар жетекчилер да кызматтан кетишкен болчу. Эненин үйү соттун чечиминин негизинде ушул жылдын 1-мартында түрттүрүлгөн. Окуя социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаратып, жергиликтүүлөр бийликтин жогорку бутагына кайрылып, кырдаалга адилет чечим чыгарып берүүнү суранышкан. 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, окуянын чоо-жайы менен таанышкан.
Садыр Жапаров 6-мартта «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн өзүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды.
Бул окуяга байланыштуу Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты беш суткага камакка алынган.
Ошондой эле министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алып салынды