«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Тарбия үй-бүлөдөн башталат» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Талкууда сөз баштаган Бактыгүл Умарова тарбиянын башталышы үй-бүлөдөн экенин белгилеп, азыркы учурда ата-энелер балдарын камсыздоо менен алек болуп жатып алар менен жөн гана баарлашканга, аларды укканга көп маани бербей жатышканын айтат.
«Коомдо жагымсыз нерсе болсо эле мектепти күнөлөп жапайбы, мектеп билим берген мекеме да. бирок биз мугалимдер билим эле бербестен тарбияны да кошо ала кетебиз. Анан ушундай жагымсыз нерселер болгондо «эмне үчүн? деген бул суроонун тегерегинде ой жүгүрткөндө сөзсүз түрдө баланын ата-энесине, үй-бүлөсүнө, чөйрөсүнө барып анализдейбиз да. Азыркы учурда ата-энелер балдарды материалдык жактан камсыз кылып жатышат, бардык окуучулардын колунда кымбат гаджеттер, телефондор дегендей. Материалдык жактан камсыз кылганы менен ата-эне менен баланын ортосундагы мээримдин жетишсиздиги тарбия жагын солгундатып жатат го деп эсептейм. Анткени биз окуучулар менен иштеп сүйлөшө келгенде эмне үчүн ушундай болуп калды деп өспүрүмдөрдүн оюн угууда алардын сөзсүз түрдө таарынычы келип чыгат да. Мени менен атам көп сүйлөшпөйт, апам жумушта деген снары пикирлерин айтышат», — дейт ал.
Бактыгүл айымдын сөзүн колдоого алган Гульнура Аракеева ата-эне менен баланын ортосундагы байланыштын жоктугу бир топ көйгөйлөрдүн жаралуусуна алып келерин айтат.
Анын айтымында бул ажырымдын пайда болуусунун дагы бир себеби бул — миграция.
«Эмне үчүн биздин жарандар өл өлкөсүндө эле иштебейт, эмне үчүн сыртка барып иштешет. Биз бул тарбия, тарбия дегенибиз, мисалы ата мекенге болгон сүйүү да ошол тарбияга кирет, мекенчилдик сезимди ойготуш керек. Анан баягы кыргыз албетте Манасты ураан кылабыз, каныбызда кыргыз деген кайнап турат. Анан ошо биздин тарбиябызды сөзсүз түрдө ошо ата-бабаларыбыздан келаткан салт-санаадан чыкпай, ошону сактап келишибиз керек», — дейт ал.
Талкууда сөзгө кошулган Айзада Ишенбекова, «Тарбия деп айтып жатпайбызбы, бизде кыргызда бир жакшы сөз бар да «адам болгуң келсе артыңдагы изди кара, ал эми эл болгуң келсе үй-бүлөдөгү тарбияңды түздө» деген. Анан бул бекеринен калган сөз эмес да, тарбия бул баланын жашоосун дагы жүрөгүнө, аң сезимине эң баштанкы мындай сиңе турчу чоң баалуулук. Тарбияны ошол эң башаты, пайдубалы ошол биз азыр мектеп деп, мектепке бардыгын шылталып коюп жатпайбызбы, канча деген окуялар болуп атат бардыгын мектепке эле шылталып коюп жатышат, бирок негизи тарбиянын эң башаты, эң мындай негизги пайдубалы бул үй-бүлөдөн башталат», — деген оюн ортого салды.