Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулунун көлөмүн үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта көбөйтүлүшү мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзамга ылайык, муктаж болгон жарандарга ай сайын “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул дайындалат. Жөлөкпулдун бул түрү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүүгө багытталган.
2024-жылдын 1-сентябрына карата «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган балдардын саны 263 136 (76 443 үй-бүлө) түзөт. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, жөлөк пулдун көлөмү көбөйүшү керек. Буга байланыштуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жөлөк пулдун көлөмүн 25% көтөрүүнү сунуштоодо.
Бул токтом долбоорун октябрь-декабрь айларында ишке ашыруу үчүн 1347,4 миллион сомго жакын каражат керектелет, ал Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин бюджетинен каржыланат.