• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда жер көчкү активдешкени байкалууда. 10 үй-бүлө көчүрүлдү

7 Бугу 202414:37 Бишкек Govori.TV

Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски жер көчкү активдешкени байкалууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, буга байланыштуу учурда кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө.

Учурда жеринде ӨКМдин жана райондук Жарандык коргоо кызматынын кызматкерлери иш алып барууда.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы жер көчүү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда 1 миңден ашуун үй-бүлө жашайт.

Количество просмотров: 181