• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Үй жана батир ижарага бергендер салык төлөшү керек. Салык кызматы билдирүү тартты

3 Тогуздун айы 2022 11:22 Бишкек Govori.TV

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Ведомстводон белгилешкендей, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.

Ошондой эле бардык жарандарды салыкты төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдирүүгө чакырат. (0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номери боюнча, ошондой эле аймактык салык органдарына билдирүүгө болот.

Салыкты төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 млн сом өлчөмүндө салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млн сомго көп.

Салык кызматы турак жай ижарасына карата бааларды жөнгө салууга ыйгарым укугу жок экендигин маалымат катары билдирет.

Количество просмотров: 1294