• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үйдө бекилип калган 2 жаштагы наристе куткарылды

12 Чын куран 202411:57 Бишкек Govori.TV

Баткенде үйдө бекилип калган 2 жаштагы наристе куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 10:09 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде бекилип калган эки жаштагы наристени куткаруу иштери жүргүзүлгөн.

«Жерине саат 10:11де №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 офицер жана 2 куткаруучу тартылган. Натыйжада наристени аман-эсен куткарып, ата-энесине беришкен. Наристенин абалы жакшы. Жабыркагандар жок»,-деп жазылат малыматта.

Количество просмотров: 181