• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эки унаа бет маңдай кагышып, айдоочулар окуя болгон жерден каза болушту

15 Тогуздун айы 201816:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV.
Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө эки унаа бет маңдай кагышып, айдоочулар окуя болгон жерден каза болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Чүй ООИББдин ЖКККБнын басма сөз кызматы бул кырсыкты тастыктап, 13-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында Бишкек—Ош жолунун 164-чакырымында «Subaru Forester» менен «Toyota 4Runner» үлгүсүндөгү автоунаалар бет маӊдай кагышканын маалымдашты. Анын кесепетинен Талас облусунун 1959-жылы туулган тургуну — «Subaru Forester» унаасынын айдоочусу жана Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну — «Toyota 4Runner» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каза болушкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Subaru Forester» унаасында айдоочу жалгыз болсо, «Toyota 4Runner» унаасында 3 жүргүнчү болгон. Алар ар кандай жаракат менен Жайыл райондук аймактык ооруканага жеткирилген.

Булак: Турмуш.кж

Количество просмотров: 52