Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV
Эки жашар наристенин апасы жаңы таанышына таштап Орусияга иштегени кеткен. Ооруканадан билдиргендейбаланын денеси көк-ала болуп, эс учун билбей жаткан. Наристени убактынча карап турганга алган аялдын өзүнүнүч баласы бар. Анын айтымында эки жашар бала эки кабат керебеттен кулап түшкөн.
Чүй областынын Кайыңды шаарчасындагы ооруканада чарчаган наристенин өлүмү боюнча кыргыз бийлигинен азырынча эч ким үн ката элек.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо болгон окуя боюнча билдирүү жасады.
«Бул кайгылуу окуя бизге маанилүү сабак болду. Биз эми балдардын үстүнөн болгон зордук-зомбулуктун кайсы түрү болбосун аларды коргоого милдеттүүбүз. 119 миңден ашуун баласын таштап мигрант болуп кеткен ата-энелердин балдарын расмий түрдө кароо үчүн жоопкерчилик менен камкордукка ала турган адамдардын сөзсүз болушу балдарды коргоонун эң керектүүжана маанилүү ыкмасы»-деди өз билдирүүсүндө Бириккен Улуттур Уюмунун балдар фондусунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым.
ЮНИСЕФ фонду билдиргендей зордук зомбулукту көбүнчө ата-энелери эмгек мигранты болуп чет жакка чыккандардын балдары тартат. ЮНИСЕФ кыргыз бийлиги менен расмий түрдө жоопкерчиликти алып бирөөнүн балдарын кам көрө турган адамадарды жалдоонун мехнизмдерин иштеп чыгууда. Ага ылайык, чет өлкөгө кетип жаткан ата-эне баласынарасмий түрдө жоопкерчилик менен кам көрө турган адамды белгилеп,наристесин агаташтап кетет. Ата-энеси ишенип таштап кеткен адам баланы убактылуу жогоркужоопкерчилик менен кам көрүп карайт жана балага делген жөлөк пулду да алуумүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
ЮНИСЕФтин өкүлү тараткан билдирүүдө психологиялык зордук-зомбулук жана денесине алган жарааттар наристенин адам болуп өсүп-өнүгүшүнө жаман таасирин тийгизет. ЮНИСЕФтин өкүлү кыргыз бийлигин жоопкерчилик менен кам көрүү (опекунство)маселесинмүмкүн болушунча тезирээк кароого чакырды.