• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Каналга чөгүп өлгүсү келген аялды окуучу куткарып калган

11 Үчтүн айы 2019 17:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында Чоӊ Чүй каналына чөгүп өлгүсү келген аялды окуучу бала куткарып калган. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакыртылып, аялды алып кетишкен.

«Кант шаарындагы Чоӊ Чүй каналына өлгүсү келип секирген аялды мектеп окуучусу куткарып калган. Анын жанында наристеси да болгон экен. Ал сууга агып кеткен окшойт. Андан соӊ суудан алып чыккан аялды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришиптир. Аял өзүн-өзү өлтүрмөк экен. Ноябрь айында суу муздак эле болчу. Ошого карабай окуучу бала кийимин чечип, сууга кирип, аялды куткарып чыгыптыр», — дешти алар.

Аялды куткарган Кант шаардык №3 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу Михаил Краснов окуянын чоо-жайын айтып берген.

Анын айтымында, ал куткарууга баратканда аял «кереги жок, келбе» деп кыйкырган.

«Окуя бала бакчанын жанындагы Чоӊ Чүй каналында болгон. Мен машыгуу залынан кетип бара жаткам. Эки кыз сууда бир аял чөгүп жатат деп айтып калышты. Мен ага жардам бергени барганда ал мага «кереги жок, келбе» деп кыйкырып жатты. Мен болбой эле кийимимди чечип сууга секирип кирип, аны куткарып калдым. Ошол маалда эч нерсе ойго келген жок. Өзүм кошо чөгүп кетем деп да корккон жокмун. Бир гана аялды куткарып чыгайын деген эле ой келди. Ал эми мен кичинекей наристе жөнүндө эч нерсе билген эмесмин. Кийин гана уктум», — деди ал.

Михаил Краснов келечекте программист болууну кыялданат. Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

«Үйдө чоӊ энем жана апам болуп жашайбыз. Байкем Германияда үй-бүлөсү менен жашайт. Келечекте программист болгум келет. Мектептен биология, алгебра жана орус тил адабияты жагат», — деди ал.

Михаил бул эрдиги үчүн эч кандай сыйлык алган эмес.

Булак: “Turmush” сайты

Количество просмотров: 39