• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Экстер да, эскилер да ыраазы

21 Жетинин айы 2018 19:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.11.2018. Govori.TV
Мурунку премьер-министрлер менен спикерлер жана  коомдун түрдүү өкүлдөрү Президент менен жолугушууда өлкөдөгү азыркы абал боюнча сунуштарын жана сын пикирлерин билдирип, өлкөнү өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин айтышты.
Мурдагы өкмөт башчы Турсунбек Чыңгышевдин 24 kg агенттигине берген маегинде, Президент менен жолугушуунун жүрүшүндө кеңештер менен катар сындар дагы айтылганын билдирди.
Аймактардын азыркы жетекчилеринин эч кандай ыйгарым укугу жок. Алар облустарды кантип өнүктүрөт? Азыркы парлдамент  «Чөнтөкчү» болуп калды.  Принциби жок. Алар мурунку президент Алмазбек Атамбаевди канча макташты, бир айдан кийин аны кайра болушунча жамандашты. Мындан улам, мен парламентке бир мандаттуу округ боюнча шайлоону кайрып берүүнү сунуштадым. Парламенттин баары болбосо дагы, жок дегенде депутаттардын жарымы партиядан сырткары болуш керек
Президент менен жолугушууда экс-премьер-министр Темир Сариев көп ойлор айтылып, мурунку жетекчилер бир катар маанилүү кеңештерди беришкенин айтты.
Бул жолугушуу тууралуу Феликс Кулов төмөндөгүдөй оюн айтты.
Ал эми мурунку төраганын кызматын аркалап келген Адахан Мадумаров бул жолугушуу тууралуу пикирин мындайча билдирди.
Жыйынтыктап айтканда, мурда Өкмөт башчы болуп иштеген Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештин экс-төрагаларынын бири Асылбек Жээнбековдон башкалардын басымдуу бөлүгү президент менен жолугушууга ыраазы болгондой…

Количество просмотров: 34