• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Улан Эгизбаевдин жубайы: «Роза Исаковна, сизге сөөгүм ыраазы»

20 Үчтүн айы 2019 14:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.01.2019. Govori.TV

Белгилүү маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева өзүнүн фейбук баракчасы аркылуу экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылыгын билдирди.

«Белек төрөлгөн күнү да адатынча жадырап, кучак толо гүл менен төрөтканага кирип келди Роза эже. Бекем кысып, «Куттуктайм, Уланыбызды кайрып келдиң. Сени Улан башкача жакшы көрчү» деп, коз жашымды сүртөт. Белектин жүзүн караган жок, ымыркай эс алышы керек дейт. Көзүмө чечкиндүү карап, жакшы кеңештерин айтып кетти. Эртеси кечке жуук чучпара берип жибериптир, күч болсун деп. Ай эже, кайсы бирин айтайын…
Андан туура бир жыл мурда да ушундай кубанычтын көз жашы чыгып, Улан экөөбүз турмуш жолуна бирге аттанган күнү да биз менен чогуу болдунуз эле. Ак тилектеринизди айтып, биз менен бирдей эле толкундангансыз. Анда Улан менен тогуз ай гана жашарымды ким билди дейсиз? Күтүүсүздөн дүйнөм караңгылап, жыл айланбай Уландан айрылып калдым. Аны жерге берген күнү да жоктоп ыйлап келгениниз көз алдымда. Кайгыга муунуп турганымда колумду кармап, улам кайрат айтып жаттыныз…
Эмичи, жүрөгүмдү дагы элжиреттиниз. Балама белегинизди көтөрүп, кабар алганы келипсиз. Белекти колго алып эркелеттиниз. Уланды эскерип, мага кошулуп көзгө жаш алдыныз… Сизге айтарга сөз таппай узатып калдым. Улуу башынызды кичуу кылып, баалуу убактынызды болуп жатканыныз эле канча…
Улан экөөбүздүн мамиле тууралуу сизге башынан эле көп айтчу экен. Бая күнү эскердиниз эле. А сиз болсо «Келинчегинди алып чет өлкөгө барып окуп келгиле деп кеңеш бергениниз бар. Бизди көптү көрсүн, билсин дегенсизби, айтор, поэзия кечелерине да чакырып калчусуз…Тизмектей берсем БИЗге кылган жакшылыгыныз чексиз. Жаш үй-бүлө катары бизди баалап, колдоп-кубаттап келгенинизге, Уландын көзү өтсө да ошол жылуу мамиленизден жазбаганынызга, эң кайгылуу жана эң кубанычтуу күндөрүмдө колумду кармап турганынызга ыраазымын. Сизди эң үлгүлүү айым катары баалап келгем. Аны сиз дагы да бекемдеп, бийик адамдык сапаттарыныз менен тан калтырууну токтоткон жоксуз. Ак батаныз, аруу тилектериниз үчүн рахматым түгөнбөйт. Сизге сөөгүм ыраазы, Роза Исаковна!»

Количество просмотров: 50