• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Электр станциялар» ишканасы 9,1 миллион сомго эмеректерди сатып алат

22 Аяк оона 201811:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.09.2018. Govori.TV
«Электр станциялар» ишканасы 9,1 миллион сомго эмеректерди сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталынан маалымат берилди.
Маалыматка ылайык, ишкана жетекчилер үчүн 43 отургуч, офис үчүн алты эмерек топтомун, китеп текче, компьютердик стол жана стулдарды, керебет, массаж үчүн керебет жана жумшак эмеректерди сатып алууну ойлонуштуруп жатат. Алынган эмеректер Бишкек жана Ош жылуулук электр борборлоруна, Токтогул, Таш-Көмүр, Камбар-Ата ГЭСтерине жөнөтүлөт. Мындан тышкары, ишкана Бишкек ЖЭБиндеги химцехтин №21 агрегатын реконструкциялоо үчүн 40,3 миллион сомго тендер жарыялады.
Количество просмотров: 61