• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жаңы орун басарлар дайындалды

6 Жетинин айы 201821:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3 жаңы орун басарды дайындады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлады.

Маалыматка ылайык Ализа Солтонбекова, Камалдин Акунов жана Жаңыл Алыбаева эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалышты.

Эскерте кетсек буга чейин аталган министрликтин орун басарлары кызматынан алынганына байланыштуу, кызмат орундары бош турган.

 

Количество просмотров: 34