• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Эрдоган Кыргыз элинин меймандостугу жөнүндө твиттерге жазды

6 Аяк оона 201811:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
Түркия президенти Твиттердеги баракчасына Кыргызстандагы сапары тууралуу мындай деп жазган:
«Кыргызстанга болгон  иш сапарыбыз эки өлкөнүн  мамилесин жакшыртууга жакшы жыйынтыктарды алып келет деп ишенем. КРнын президенти Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз элинин меймандостук менен тосуп алгандарына терең ыраазычылык билдирем»

На данном изображении может находиться: 2 человека, текст

Ошондой эле биринчи айым Эмине Эрдоган дагы өзүнүн Твиттер баракчасына Кыргызстандагы визити  тууралуу видео жасап киргизип, унутулгус сапар болгонун жазды.
«Биз Кыргызстандан эсте калаарлык маанай менен кайтып келдик. Көчмөндөр жашоосунун ар кандай аспектилерине күбө болдук. Ч.Айтматов атындагы китепкананын жана маданий борбордун ачылышына катыштык»-деп жазган.

Количество просмотров: 44