Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда Лебединовка айылында адам уурдоого шектелип изделип жаткан жигит милиция бөлүмүнө өзү барганы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, алар үйлөнүүнү макулдашып, бирок кыздын ата-энеси каршы чыккан.
Окуя 6-майга караган түнү болгон. Милицияга К.Ф. аттуу аял киши арыз менен кайрылып, 5-майда саат 23:00дө Лебединовка айылындагы дүкөндүн алдынан белгисиз адамдар К.И. аттуу сиңдисин «Тойота Эстима» унаасына салып, уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факт Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) менен КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери Изятты 7-майда кечки саат 16:30 чамасында Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табышты. Ал жигити менен бирге өз каалоосу менен кеткенин айткан.
Ал эми Абдумалик Аламүдүн РИИБге 12-майда саат 20:00 чамасында барган. Териштирүү иштеринен кийин Абдумалик үйүнө кеткен. Ал эми Изят ала качуу же адам уурдоо болбогонун айтууда.