• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Үйлөнөм деген кызды ур-токмокко алып келген адам кармалды

10 Тогуздун айы 202521:05 Бишкек Govori.TV

Манас шаарында 24 жаштагы кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматта айтылгандай, 5-октябрь күнү Сузак РИИБне, Манас шаарынын 2001-ж.т. А.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү таңкы саат 07:00 чамасында ага тааныш болгон 1987-жылы туулган К.Н.(Майрамбек) аттуу бала Сузак районундагы Кызыл-Туу айылында эч бир себепсиз бети башына уруп, тээп денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Аталган маалымат Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында 1987-жылы туулган Манас шаарынын тургуну К.Н. аттуу адам кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин соцтармакта бети канжалаган кыздын видеосу тараган. Анда турмушка чыгуудан баш тарткан кызды 7 айдан бери коркутуп, уруп-сабап келгени айтылган болчу. Кыздын билдиришинче, жигит аны мал базарга алып барып зордуктоого аракет кылып, унаа менен сүзүп өлтүрөм деп коркуткан. 

Количество просмотров: 327