• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулду

28 Бугу 2019 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев XIX кылымга таандык СССР учурунда берилген баалуу эки сүрөттү калыбына келтирүү үчүн алып, кайра жыбыркаган абалда музейге кайтарган деген кызматтык кат үстүбүздөгү жылдын 2- майында Маданият, маалымат жана туризм министрине келип түшкөн. Мындан улам коомчулукта катуу талкуу жаралган.

Учурунда «Govori.TV» талкууланып жаткан маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо максатында аталган музейге барып, директор Юристанбек Шыгаевди жумуш ордунан кездештире албай кайткан. Ал эми өзүн орун басарымын деп тааныштырган адам биздин суроолорго толук жооп берүүдөн баш тарткан.

Количество просмотров: 19