Бүгүн, 30-мартка караган суткада Кыргызстанда дагы 113 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID-19 диагнозу такталды. Бул маалыматты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпы 88 276 адам COVID диагнозу менен катталган.