• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

К.Батыровдун кичи мекенинде туугандары куран окутушууда

5 Бештин айы 2018 17:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.12.2018.Govori.TV

4-декабрга караган түнү көз жумган Кадыржан Батыровдун кичи мекенинде куран окутулуп жатат.

Бул тууралуу Turmush басылмасына аймактык кабарчы билдирген. Кадыржан Батыров менен Санжар Бакиевдин талашына түшкөн жана мамлекетке өтпөй калган делген Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы үйдүн короосу ачылып, айылдаштары жана туугандары маркумга куран окутуу үчүн келип жатышат. Ал эми маркум К.Батыровдун туугандары бул үйдүн короосун жыйноо үчүн келишкенин жана сөөктү алып келүү боюнча эч кандай маалыматтары жоктугун, тууган-уруктары чогулуп куран окуп жатышканын айтышты.

Кыргызстандын парламентинин мурунку депутаты Кадыржан Батыров 4-декабрга караган түнү Украинанын Одесса облусунда 62 жашында каза болгону буга чейин белгилүү болгон. Өлүмдүн себебин Батыровдун туугандары куптан намазын окугандан кийин жатып, ойгонбой калган деп түшүндүрүшкөн.

К.Батыровго өлкөнүн түштүгүндө массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Ал эми 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2011-жылы соттун чечими менен мүлкү конфискацияланган.

Количество просмотров: 3