• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Көчөдө бараткан кызды сөккөн блогер милицияга жеткирилди

27 Жалган куран 2024 10:32 Бишкек Govori.TV

Көчөдө бараткан кызды себепсиз сөккөн блогер милицияга жеткирилди. Бул Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан Ош шаарына 2001-жылы туулган Т.Н. алынып келинди. Анын үстүнөн эки арыз түшкөн.

25-мартта активист жана блогер Азамат Ормокеев Т.Н.нын үстүнөн арыз менен кайрылып, анын Ош шаарынын Достук көпүрөсүндө бейтааныш жарандын башка кызга карата одоно уят сөз айткандыгы боюнча иликтөөгө алып, ал жигитке мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта Өзгөн районуну тургуну 2002-жылы туулган жашоочусу арыз менен кайрылып, аны 25-мартта Достук көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда белгисиз жаран видеого тартып, уят сөз айткандыгын, аны кийин интернеттен, видеодон көргөндугун билдирип, бул жаранга карата чара көрүүнү суранган.

«Жаран Т.Н. ыкчам кызматкерлер тарабынан Ош ШИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Анын кыймыл-аракетине юридикалык баа берилет»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары блогердин көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөнүнө нааразы болуп, чара көрүү талабын айтышкан.

Количество просмотров: 326