• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ноокатта блогер башаламандыкка айыпталып камакка алынды

24 Тогуздун айы 202416:46 Бишкек Govori.TV


Ютубдагы “За правду” баракчасынын ээсине карата “массалык башаламандыктар” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ош ОИИБнин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 5-июль күнү Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагынын тургундары чогулушуп, «ЮКЦ» цемент заводуна барышып, чет элдик инвесторлордун иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып, мурда иштеп кеткен А.К. аттуу жаранды кайрадан «ЮКЦ» цемент заводуна жумушка алууну талап кылышып, бейбаштык кылышкан.

Бул факты Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Бул боюнча А.К. аттуу жарандын ютуб каналындагы “За правду” баракчасына жүктөлгөн видео материалга соттук — лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2024-жылдын 22-октябрь күнү кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну 41 жаштагы А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

«За правду» ютуб каналын иштеткен Азамат Карабаев экендиги белгилүү. Ал 22-октябрда да Ноокаттагы жаңы салынган жолдун сапатынын начарлыгын көрсөтүп, фейсбукка видео жарыялаган. Ошол күнү кечинде эле милиция кызматкерлери аны кармап кеткени белгилүү болду.

Ошондой эле ал «ЮКЦ» заводунун ишмердүүлүгүн сынга алып өзүнүн ютуб каналына чыгарып келген. Андан тышкары милиция кызматкерлеринин ишин сынга алып социалдык тармактарга чыгарып турган.

Белгилей кетчү жагдай, Азамат Карабаев Ноокаттагы жолдун сапатынын начарлыгын социалдык тармактардан көрсөткөн соң, ошол жолду Транспорт жана коммуникация министрлигинин түштүк бөлүмү оңдоп кеткени белгилүү болду.

Количество просмотров: 232