• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Блогер, активисттер кулак-мурду кесилген Аселди колдоп сотко барышты

25 Үчтүн айы 2024 17:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-январда блогер, активисттер Сокулук райондук сотуна мурдагы күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган Асел Ногойбаеваны колдоо үчүн барышты.

Алар колуна «Аселди жана балдарын коргогула!», «Сот адилеттүү бол!», «Зомбулукту токтоткула!» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганын көрүүгө болот.

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камаган.

Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.

Мындай чечимге каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда чукул каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.

Судья Токтомаматов президенттин жарлыгы менен 1-ноябрда кызматтан алынган.

Башкы прокуратура Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген.

Тартип комиссиясы үч судьяга тең сөгүш берген.

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Эстебесов аталык укуктан ажыратылган.

Количество просмотров: 156