• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күч кызматкерлерин тепкен бала ооруканага жаткырылган

29 Жалган куран 2024 18:06 Бишкек Govori.TV

Кочкор-Ата шаарындагы шектүүнү кармоо учурунда атайын даярдыктагы күч кызматкерлерин тепкен бала ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борборунан “Азаттыкка” кабарлады.

Борбор шектүүнүн 18 жаштагы уулу кайсы ооруканада жатканы жана саламаттык абалы жөнүндө маалымат берген жок.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор бул окуя боюнча укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага арыз даярдап жатат. Борбор күч кызматкерлери кармоо учурунда шектүүгө жана анын баласына “ырайымсыз мамиле кылган” деп эсептейт.

27-мартта Интернетке тараган видеодон укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бир адамды жерге жаткызып кармап жатканын көрүүгө болот. Ошол тапта дагы бир бала чуркап келип беткапчан адамдарды тээп жиберген. Укук коргоо кызматкерлери экөөнүн тең колдорун кайрып автоунаага салып кеткен. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Буга чейин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы видео тууралуу комментарий берип, милиция кызматкерлери 27-мартта шектүүлөрдүн бирин Кочкор-Ата шаарында кармаган учурда ал каршылык көрсөтүп, күч колдонулганын билдирген. Кармоо учурунда күч кызматкерлери тээп жиберген 18 жаштагы шектүүнүн уулу дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуя териштирилип жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 1397